Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Ошто оорукананын короосунан болжол менен 35-40 жаштардагы эркек кишинин жансыз денеси табылды
28.10.2019 | 12:03
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын короосунан болжол менен 35-40 жаштардагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 26-октябрь күнү саат 11:30 чамасында табылган. Маркумдун жансыз денеси аталган короодо жатканына 1,5 айдай убакыт болгон. Азыркы тапта анын аты-жөнү такталууда. Ал эми денесине күч колдонуу белгилери байкалган эмес.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, маркумга тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар