Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Баткендин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
27.01.2022 | 22:35
Чек арадагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Баткен облусунун ИИБнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин кызматкерлери жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүгө көмөктөшүп, тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда.
Маалымат үчүн: 27-январда Тажикстан Республикасынын чек арачылары Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесин тосуп алышкан. Саат 19:35 чамасында тажик тарап Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүндө курал колдонуп, ок чыгаргандыктан кырдаал курчуп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом