Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргыз-Тажик чек арасы: Үч тажик аскери жаракат алды
27.01.2022 | 22:05
Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан үч тажик аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу “Спутник РТ” билдирди.
Алар Исфара шаарынын борбордук клиникасына жеткирилген.
Буга чейин саат 18:30да Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгү Тажикстандын жарандары тарабынан жабылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин саат 19:30да жол кыймыл үчүн ачылган.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:35те тажик тарап курал колдоно баштаган. Алар Баткен районунун Чир-Дөбө аймагында Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүнө ок чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом