28-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтБекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодоЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөт
Сабырбек Жумабековду колдоп митинг өтүп жатат (ВИДЕО)
05.02.2022 | 13:50
Травматология, ортопедия жана илимий изилдөө борборунун мурдагы жетекчиси Сабырбек Жумабеков кызматтан алып салышына нааразы болуп митинг өтүп жатат. Алардын негизги талабы Жумабековлу кызмат ордуна кайра коюшун, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин “таластыктар” деп элди бөлгөнүнө жооп берүүсүн, министрлик кызматтын кетүүсүн талап кылып чыгышты.
Ал эми Сабырбек Жумабеков “илимий изилдөө иниститутунун жоюлуп жатканына нааразы экенин айтып, ортопедия борборун дүйнөлүк деңгээлге жеткирдик. Мен министрге “мени эле кызматтан алып кой, борборду жойбо” дедим. Анткени, мааниси чоң, муну жөнөкөй оорукана кылып жатат” – деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар