Дастан Бекешев эки доктурдун айланасындагы тиреш боюнча үн катты

Дастан Бекешев эки доктурдун айланасындагы тиреш боюнча үн катты

Башкы дарыгер, мектеп директорлордун мөөнөтүн чектеш керек. Болбосо ушундай көйгөйлөр жарала берет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн телеграм каналында билдирди.

“Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун  мурдагы жетекчиси Сабырбек Жумабеков ортсундагы тирешке көз салып турабыз. Негизинен башкы дарыгерлер менен мектеп директорлорун 5 жылдык контракт менен жумушка  алуу, эгерде кандайдыр бир ийгиликтерге жетүү боюнча көрсөткүчтөрдү өлчөп андан майнап, жыйынтык чыгара тургандарды кайра контрагын 5 жылга узартуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек деп ойлойм. Азыр контракт мөөнөтсүз. Ушундан улам ар кандай көйгөйлөр жаралып жатат. Парламенттин 6-чакырылышы балдар бакчасы менен мектеп директорлорун 5 жылга дайындоо боюнча мыйзам долбоор көтөрүп чыгып, көпчүлүктүн колдоосуна татыбай калган”- деди.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековду иштен алып, ал жетектеген Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жоюп, аны шаардык тез жардам ооруканасы кылып өзгөрттү. Мындан улам эки доктурдун ортосундан талаш-тартыш жаралды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>