Кыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылдыБишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталатКыргызстандын жеке энергетикалык компаниялары Энергетика министрлигинин үстүнөн президентке арыз менен кайрылышты
Ошто соттун кызматкерлеринин айынан жаран 4 күн мыйзамсыз камакта отурган
21.02.2022 | 18:08
Соттун кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам, жаран 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты Ош облустук прокуратурасы тарабынан аныкталды.
Маалыматка ылайык, Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-беренесинин талабы одоно түрдө бузулуп, “И.Б.” аттуу адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган.
Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси (“Мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар