Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы 80 пайызга көтөрүлөт
24.03.2022 | 12:32
1-апрелден тарта билим берүү кызматкерлеринин айлыгы 80%га жогорулатылат. Бул туурасында Каржы министри Алмаз Бакетаев бүгүнкү басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 1-апрелден тарта социалдык тармакка айлык көбөйөт. Мугалим, дарыгерлер, маданий кызматкерлер, илим жаатындагы адистердин, жалпы 309 миң адамдын айлыгы көтөрүлөт. Орточо билим берүү тармагына 80 пайызга чейин, жаңы модель менен эсептеп чыкканда, жаңы иштеп баштаган мугалим 20 миңдин тегерегинде айлык алат. А азыр андай мугалдимдер 4 миң сомдон, 7 миңге сомго чейин эле алышат. Жалпысынан ушул айлыктарды көтөрүүгө 26 млрд сом керектелет», – деди министр.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика