Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келетЫсык-Көлдөн жол эрежесин бузган “Lamborghini” Бишкекте кармалдыЖоламан Шаршенбеков Польшадагы эл аралык турнирде алтын медаль уттуКыргызстандык балбан Алхам Абдрасулов дүйнө чемпиону болдуАйзирек Эралиеванын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты: Күнөөлүү 18 жылга эркинен ажыратылдыКыргызстанда аялдардын коопсуздугу боюнча масштабдуу изилдөө жүргүзүлөт
Чүй: Айланма жол акы төлөнүүчү жолго айланат
22.04.2022 | 11:13
Чүйдүн айланма жолу акы төлөнүүчү жолго айланат. Бул туурасында Транспорт министринин орун басары Нурлан Кайынбаев Жогорку Кеңештеги “Ишеним” фракциясынын жыйынын учурунда билдирди.
Анын айтымында, Чүйдөгү калктуу конуштарды айланып өтүүчү жолдун 105 чакырымы акы төлөнүүчү жолго айланат. Бирок, ал ага чейин эл аралык стандартка жооп берген абалга келтиришет. Дордой базарынын тушу 6 тилке калганы 4 тилке жол болот. 150 миң доллардын тегерегинде реконструкцияланат. Ушул тапта инвестор изделип жатат.
Ошондой эле Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолду акы төлөнүүчү жол кылууга пландаштырып, учурда изилденип жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика