Ош–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөтКыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев “Ош-Сити” компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир бердиКой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылууда
Садыр Жапаров Москвада ЖККУнун саммитине катышат
13.05.2022 | 12:20
Президент Садыр Жапаров 16-майда Москва шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекеттердин саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Буга чейин ТАСС Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен билдиргендей, саммит ЖККУнун 30 жылдыгына карата өткөрүлмөкчү.
Ошондой эле лилердлердин жолугушуусунда Украинадагы кырдаал боюнча дагы маселе каралмакчы.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан өлкөлөрү кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат