Сүлүктүдө мыйзамсыз иштеп жүргөн тажик жарандары табылды

Сүлүктүдө мыйзамсыз иштеп жүргөн тажик жарандары табылды

Мыйзамсыз миграция каналы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тажикистандын жарандары Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап жана иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 29-апрелинде Сүлүктү шаарынан УКМК кызматкерлери тарабынан Тажикстандын Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылынын туулуп-өскөн тургундары, белгиленген тартипти бузуу менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн 11 жаран кармалды.

Бул факты боюнча 2022-жылдын 30-апрелинде КР УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Кармалган Тажикстандын жарандары УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>