Түндө Кыргызстанда жер титирөө катталдыТүркияда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду28-октябрдын аба-ырайы: Өлкөдө жаан-чачын күтүлөтПатрулдук унаа жеңил унаа менен кагылышты. Жаракат алгандар барКадамжайда дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылдыПрезидент Жалал-Абадда УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборун ачты
Караколдо кызганычтан улам күйөөсү ур-токмокко алган аял оор абалда
16.05.2022 | 13:04
Каракол шаарында аялын ур-токмокко алган деп шектелген жаранга иш козголуп, камакка алынды, деп билдирет Ысык-Көл облустук милициясы.
Маалыматка караганда, 14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда облустук ооруканага жаткырылган.
Териштирүү иштеринин алкагында аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон.
Учурда медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом