Бишкекте коомдук жайларда тамеки чегүүгө каршы рейд өттү

Бишкекте коомдук жайларда тамеки чегүүгө каршы рейд өттү

Бишкекте коомдук жайларда тамекиге каршы рейддер уланууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзамдын жарандар тарабынан сакталышын текшерүү Биринчи май районунда болгон.

Рейддик иш-чаралар акимчиликтин, МТУнун, Ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлдү. Текшерүү иштери көңүл ачуучу жайларда – түнкү барларда, кальяндарда, оюн/интернет клубдарда, сауналарда өткөрүлдү.

«Бир күн мурун тогуз мекеме текшерилип, «Омар не Хайям» чайканасында, «Сезон» терасынан жана «Таймс Бар» ресторанында мыйзам бузуулар аныкталган. Санэпидкөзөмөл тарабынан протоколдор түзүлүп, ага ылайык 13 миң сом айып пул салынган», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Муниципалитет бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн мыйзамды сактоону суранат.

«Биргелешкен аракеттер менен тамеки чегүү менен күрөшүүдө жакшы жыйынтыктарга жетишебиз», — деп билдиришти мэриядан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>