Кыргызстандын Улуттук банкы 4-июнга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Такталган маалыматтарга караганда, евро менен теңгенин курсу бекемделип, рубль төмөндөдү.
АКШ долларынын сомго карата расмий курсу мурдагыдай эле – 79,5 сом, сомго карата 0,66%га кымбаттаган евродон айырмаланып, 85,5062 сомду түздү. Теңге да сомго карата (+0,16%) бир аз өсүп, 0,184 сомду түздү.
Мында орус рублинин сомго карата курсу 1,44%га арзандап, 1,2391 сомду түздү.