Ысык-Көл: Калың карда койлордун жонунан суу өтүп өлгөн (видео)

Ысык-Көл: Калың карда койлордун жонунан суу өтүп өлгөн (видео)

Калың карда койлордун жонунан суу өтүп өлгөн. Мындай пикирин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы калың кардан жапа чеккен малчыларды кыдырып келгенден кийин билдирди.

 

Маалыматка караганда, май айынын соңку күндөрү катуу жааган жаандан жана калың кардан улам Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82 жана 76-чакырымында ар жеринен кар көчкүлөр түшкөн. Жалпы көлөмү 80000 м3 кар көчкүнү тазалоодон кийин жол ачылып, улам жааган кардан жолдор жабылып, чабандарга түйшүк жаратып жана мал жандыктарды кармоого кыйынчылык жараткан.

ӨК министринин орун басары Э.Кулматовдун координациялоо иштеринин астында Ак-Суу районунун Сары-Жаз жайлоосун, Сырт өрөөнүн, Эңилчек айылындагы жана Чоң-Ашуу ашуусундагы чабандарга 1000 түк чөп жеткирилди. Министрликтен 2 Хово унаасына (400 түк чөп), Чек-ара кызматынын 2 Камаз унаасына (400 түк чөп) жана жеке менчик 4 Спринтер унааларына (200 түк чөп) менен жеткирилди.

Учурда Эңилчек-Кайынды жолун тазалоо иштерине ӨКМден 2 бирдик жүктөгүч тартылып, 3-июнь күнү башталат.

Жалпы Ак-Суу районуна 1000 түк чөп жеткирилип, тоют жеткирүүгө жана унаа жолдорду таштардан тазалоо иштерине 12 оор техника тартылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>