Чек ара жаңжалы. Бишкекке жарадар болгон аскер кызматкерлери алынып келинди

Чек ара жаңжалы. Бишкекке жарадар болгон аскер кызматкерлери алынып келинди

Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган аскер кызматкерлери Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарадар болгон эки чек арачы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө борборго алынып келинген. Алар медициналык мекемелерге жиберилди, алар мындан ары да бардык зарыл жардамдарды алышат.

«Камчыбек Ташиев УКМКнын Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкерлерине бардык жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүндө», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында кечээ, 3-июнда саат 12.00дөр чамасында Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде жаңжал чыккан. Кыргызстандын чек ара кызматы коңшу өлкөнүн аскер кызматкерлерин аныктады. Эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда атышуу болуп, тажик тарап минометторду колдонгон. Эки кыргызстандык аскер кызматкери жаракат алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>