ТИМ башчысы менен АКШнын элчиси кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулаштыБШКнын төрагасынын орун басары алмаштыКара-Кулжада 8 жаштагы бала ит тиштегенден кийин ооруканада каза болдуОшто өрттөн каза болгон эне жана балдардын сөөгү жерге берилдиКамчыбек Ташиев Баетов айылында спорт комплекси жана маданият борборунун курулушуна капсула салдыЧек арада стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду
Бишкекте бир аптада 54 мас айдоочу кармалды
06.06.2022 | 13:06
Бишкек шаарынын аймагында 27-майдан 2-июнга чейин жалпысынан 5128 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.
Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен:
– унааны мас абалында айдоо – 54;
– караңгылатылган терезелер менен башкаруу – 3;
– айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражатын айдоо – 33;
– жөө жүргүнчүнүн, велосипедчендин жол эрежесин бузуусу – 532;
– мотоциклдин каскасын же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузуу – 1068;
– башка бузуулар – 2994;
Айып токтотуучу жайга 444 унаа жеткирилген.
Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы жолдо жүрүү эрежелерин так сактоону суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом