Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Депутат мектептерде телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады
09.06.2022 | 11:10
Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Кыргызстандагы мектептерде “Акыркы коңгуроо” болуп жаткандыгына байланыштуу бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга ак жол каалады.
Депутат ошондой эле, мектептерде сабак болуп жаткан учурда окуучуларга телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады.
“Ар бир мектепте окуучулар үчүн телефон коюу кутучалары болушу керек. Бул тартип жаңы окуу жылы башталганда, сентябрь айынан тарта ишке кириши шарт”, – деди Тазабек Икрамов.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом