Сокулукта бирөөнү ур-токмокко алып, колун таңып кеткен

Сокулукта бирөөнү ур-токмокко алып, колун таңып кеткен

Сокулукта 45 жаштагы жаран ур-токмокка кабылып, колун байланган жеринен табылды.  Бул туурасында  Чүй облустук милициядан кабарлашты.

Маалымка караганда,  8-июнда Сокулук милициясына маалымат келген. Жабыркаган жаран 1977-жылы туулган Т.М. экендигин такталды. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң аймактык ооруканага жеткирилген.

Аталган факты 130-берене (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип Б.Н. атту жаран колго түшүрүлдү.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя кошуналардын ортосундагы чыр-чатактан улам болгону аныкталды. Учурда кармалган адам Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>