Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте өзгөчө кырдаалдарга даярдык текшерилүүдөСадыр Жапаров Такаити Санаэни Жапониянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады7-8-ноябрда иш күнү бир саатка кыскартылатАйдоочулар кышка даярдангыла: ЖКККББ унааларды өз убагында текшерүүгө чакырды
Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат
16.06.2022 | 16:51
Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Мындай чечим кабыл алынганын бүгүн, 16-июнда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Буга чейин аталган министрлик аларга ата-энелерден жана мугалимдерден окуу жылынын эски тартибине кайтуу боюнча көптөгөн арыздар жана сунуштар түшүп жатканын билдирген.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириккен долбоору талкууланды.
2021-жылы окуу жылы 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом