Курумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видеоАкын Аскат Жетиген эркиндикке чыктыКөчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылатКыргызстанда санкция тобокелдигинен улам 19 компания мажбур менен жабылышы мүмкүнБишкекте батир алдамчылыгына шектүү жаран кармалдыБаланын медициналык картасы «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болду — пилоттук долбоор Нарында башталды
Акжол Махмудов Германияда өтө турган турнирде дүйнөлүк курама үчүн күч сынашат
16.06.2022 | 17:06
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 18-июнда Германияда өтө турган турнирде дүйнөлүк курама команда үчүн күч сынашат. Бул тууралуу немис спортчусу Франк Штеблер Instagram баракчасына жазды.
Франк Штеблердин карьерасын жыйынтыктоо урматына арналган турнирде немис балбандары дүйнөлүк балбандар менен күч сынашат.

82 килограммга чейинки салмак ченинде Акжол Махмудовдун атаандашы Паскаль Айзел болмокчу.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаракат алган Рафиг Гусейновдун (Азербайжан) ордуна чыгат.
Немис балбаны Франк Штеблер Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болгондон кийин спорттон кеткенин жарыяланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт