Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулдуМедер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулдуАбсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулдуУКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков кармалганы тастыкталдыКыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров ачык Европа Кубогунда алтын медаль жеңдиКара-Сууда акча коюп, короз уруштургандар кармалды
Кыргызстандык кийим тигүүчү компания АКШ менен Европага кийим сата баштады
24.06.2022 | 14:08
DiSORELLE бренди менен продукция чыгарган кыргызстандык «Сабрина-Амика» кийим тигүүчү фирмасы өз товарларын Евробиримдиктин жана АКШнын базарларында сата баштады. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Компания Ready4Trade долбооруна катышкан. Ал электрондук соода жана бизнес көндүмдөрүн алды. Азыр фабрика ай сайын 5000ге жакын даяр кийимдерди чыгарат.
Буга чейин бренд Wildberries жана Lamoda базарларында өнүмдөрдү сатчу. DiSORELLE эми USAIDдин eBay Борбордук Азия борбору менен биргелешкен демилгесинин алкагында өзүнүн товарларын eBay сайтында тизмелеп, аны ЕБ жана АКШ базарларында сатууга мүмкүндүк берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика