Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Муфтият Садыбакас Дооловдун аялдар тууралуу айтканын териштирет
06.07.2022 | 17:00
Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаарынын Свердлов районунун имамы Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда тарап жаткан видеосу боюнча териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
“Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт жана видеодогу сөздөр кандай максатта айтылгандыгын териштирет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин социалдык тармактарга тарган видеодо Садыбакас Доолов базарда малдын этинин кымбаттоосуна аялдардын ачык кийинип жүргөнү себепкер экенин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом