Баткенде «Хизб ут-Тахрир» уюмунун 6 мүчөсү 6 жылга чейин кесилди

Баткенде «Хизб ут-Тахрир» уюмунун 6 мүчөсү 6 жылга чейин кесилди

Кызыл-Кыя шаардык сотунун өкүмү менен 5-июлда “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремистик уюмунун 6 мүчөсү 1,6 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, соттолгон жарандар — К.А.К., 1984-жылы туулган;  Э.Н.Т., 1995-жылы туулган; А.у.А., 1991-жылы туулган., Н.Ж.М., 1976-жылы туулган, М.З.Я., 1993-жылы туулган. Алар Кыргызстандын жарандарын экстремисттик уюмга мыйзамсыз тартуу үгүттөө менен алектенишкен.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган көп сандагы экстремисттик адабияттар жана электрондук маалымат каражаттары табылып алынган.

УКМК “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремистик уюму 2003-жылдын 20-августунда Жогорку сот тарабынан экстремисттик уюм деп таанылганын жана Кыргызстандын аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынганын эске салат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>