Алимент жана 10 миң сомго чейинки талаштар: Кыргызстанда юридикалык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелери сунушталуудаСентябрь айында Кыргызстанга четтен 274 млн доллардан ашык акча которулганКыргызстанда атаандаштыктын бузулушу боюнча арыздарды жаңы эрежелер менен кароо сунушталуудаКыргызстанда малдын породасын аныктоочу мобилдик тиркеме сыноодон өткөрүлдүАрмения ЖККУда добуш берүү укугунан ажыратылды — бул Ереван үчүн эмнени түшүндүрөт?Бишкекте курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды
Муфтият Садыбакас Дооловдун аялдар тууралуу айтканын териштирет
06.07.2022 | 17:00
Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаарынын Свердлов районунун имамы Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда тарап жаткан видеосу боюнча териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
“Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт жана видеодогу сөздөр кандай максатта айтылгандыгын териштирет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин социалдык тармактарга тарган видеодо Садыбакас Доолов базарда малдын этинин кымбаттоосуна аялдардын ачык кийинип жүргөнү себепкер экенин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом