Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Жапониянын экс-премьери Синдзо Абэ кол салуудан кийин каза болду
08.07.2022 | 15:36
Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абе белгисиз адамдын кол салуусунан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу Fuji News Network телеканалы түз эфирде билдирди.
Буга чейин Синдзо Абе Нара шаарында сөз сүйлөп жаткан учурда белгисиз куралчан адам анын далысына эки ирет ок атканы маалымдалган.
Ал ооруканага жеткирилген, кийин дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатканы кабарланган.
«Абе ооруканага жеткирилген, бирок акыркы маалыматтар боюнча анын жүрөгү токтоп калган. Бул анын өлгөнүнөн кабар бериши мүмкүн. Бирок, маалымат тактала элек», — деп билдирген Би-Би-Синин Токиодогу кабарчысы.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар