Өкмөт эки аэропортту түркиялык компанияга берүүдөн баш тартты

Өкмөт эки аэропортту түркиялык компанияга берүүдөн баш тартты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 8-июлда, “Манас” жана “Ош” эл аралык  аэропортторунун айланасындагы кырдаалга комментарий берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык.

Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок, биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек.

Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз.

Же болбосо бул долбоорду өзүбүз ишке ашырабыз, бирок бул көбүрөөк убакытты талап кылат”, — деп белгиледи Минкаб башчысы.

Кыргызстандагы «Манас» жана «Ош» аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга берүү чечими даярдалып жатканы Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында белгилүү болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аэропорт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>