Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Мирбек Атабеков зордукталган 13 жашар кызга колдоо көрсөтүүгө үндөдү
11.07.2022 | 14:04
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 13 жашар кыздын тагдырына кайдыгер болбой, элди жардам берүүгө чакырды. Ал коомчулукка кайрылуу жасаган видеосун Инстаграм баракчасына жарыялады.
«Учурда зордукталган 13 жашар кыздын окуясы чон резонанс жаратты. Кылмышка шектелгендер толук жазасын алуусун тийиштүү органдардан талап кылабыз. Кыздын үй-бүлөсү учурда начар абалда экен. Атасы миграциядан эми келиптир, апасы ооруйт экен. Андыктан ал кыздын калыптануусуна, жалпы эле үй-бүлөсүнө чоң каражат талап кылынууда. Ар бирибиз бул нерсеге салымыбызды кошолу. Биз унчукпай койбойлу”, – деп айткан ал өз кайрылуусунда.
Эки милиционер тарабынан зордукталган 13 жашар кыз чыгармага айланды
Рубрики: Жаңылыктар, Коом