Бишкекте кичи автобуста аялга кол көтөргөн киши кармалды. Чоо-жайы

Бишкекте кичи автобуста аялга кол көтөргөн киши кармалды. Чоо-жайы

Бишкек шаарында кичи автобуста аялга кол көтөргөн киши кармалганын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя, 9-июлда катталган. Жабырлануучу аял милицияга аял арыз менен кайрылып, №152 кичи автобуста эркек киши тарабынан сабалганын билдирген.  Видео социалдык тармактарга жарыяланган. Аталган факты каттоого алынган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кичи автобустун айдоочусу суралган. Ал окуя Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун, киши Ахунбаев менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен түшүп калганын айткан.

Милиция анын 1988-жылы туулган жаран экендигин аныктаган. Ал да суралып, кичи автобуска үй-бүлөсү менен түшкөнүн, 1 жаш 5 айлык баласына шамал тийбесин деп люкту жапканын айткан. Бирок анын ичиндеги аял люкту ачууну талап кылган. Ошондон улам кайым айтышуу болуп, чырга айланган.

Топтолгон материал андан ары тергөө үчүн Октябрь РИИБге өткөрүлдү.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>