Ок атышуу менен аяктаган жаңжал: Нарында 3 адам камакка алынды

Ок атышуу менен аяктаган жаңжал: Нарында 3 адам камакка алынды

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундардын жаракат алышы боюнча кылмыш иши козголуп, 3 адам камакка алынды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-июль күнү Нарын районунун  Ак-Талаа айылында К.Б., аттуу айыл тургундун жайыт жерди мыйзамсыз тосуп алуусу боюнча Нарын ОИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Тергөө учурунда маалым болгондой, К.Б., аттуу тургундун үйүнө айылдын 40-60га чукул тургундары сүйлөшүү үчүн келишкенде, үй ээси ок атуучу куралы менен топтошкон элге ок чыгарган. Чогулган эл ошол учурда К.Б.нын үйүн таш менен койгулап жатканда К.Б.нын бир тууган иниси “Субару-Аутбек” унаасы менен келип, элди сүзө качырып айдаган. Тургундар анын унаасын оодарып салышкан. Унаа белгисиз себептер менен өрттөнүп кеткен.

Андан соң К.Б.нын дагы бир иниси «Спринтер» унаасы менен келип, элди сүзө качырып кубалап, куралы менен элди көздөй ок чыгарган. Натыйжада октун кесепетинен аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, облустук ооруканасына жеткирилген.

2-июль күнү айылдын 1982-жылы туулган тургуну Ж.А. менен К.Б. уруша кеткен. Ага Тегерек-Кырчын  участогунда 10 гектарга  жакын жайыт жерди К.Б. үй-бүлөсү менен мыйзамсыз тосуп алгандыгы себеп болгон. А.Ж. менен К.Б.нын бир туугандары  жана баласы менен уруп сабашкандыктан, А.Ж.денесинен жаракат алып, облустук ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуя 3-июль күнү  милиция тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери жүргүзүлүп баштаган.

Ал эми 5-июлдан 6-июлга караган түнү К.Б., нын үйүнүн короосундагы чөбү өрттөнүп, бул боюнча да милиция териштирүү  жүргүзүп жаткан.

Окуянын чоо-жайы жайыт жер талаш болуп, өз ара урушуп кетишкен. Ушул окуядан кийин эки тарап болушуп, бири-бирин күнөөлөп, арыз жазышкан. 7-июль күнү айылдын эли, көбүнчө жаштар К.Б.нын  үй-бүлөсүнө нааразы болуп, сүйлөшүү үчүн барышканда К.Б. үйдүн ичинен чыкпастан терезе аркылуу ок атуучу куралы менен элге карата ок чыгарган.

Аталган окуя боюнча Нарын ОИИБ тарабынан Жазык кодексинин 37-беренеси камтылган 122-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам камакка алынган.

Алардын баш коргоо чарасын тандоо максатында Нарын шаардык сотуна өтүнүч келтирилип, баш коргоо чарасы камак түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган. Учурда Нарын райондук бийлик өкүлдөрү жана облустук милиция аталган айылда эл менен жолугушуп, коомдук тартипти сактоо багытында тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>