Кыргызстан менен Кытай чакан жана орто бизнести колдоого багытталган жаңы программаны ишке ашыратАКШдан канча кыргызстандык депортацияланганын ТИМ билдирдиЧүй жана Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылып жаткан тамеки жана алкоголдук продукциялар аныкталды«Көмүскө келишимсиз» мамлекет. Шерадил Бактыгулов административдик-аймактык реформа тууралууКыргызстан жакынкы арада кайсы жерлерде дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачат? ТИМ маалымат бердиКара-Балтада 4 млн долларлык грантка жапон технологиясы менен таштанды полигону курулат
Түркмөн президенти 26 министрин жана элчилерин кызматтан алды
12.07.2022 | 14:05
Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухаммедов өкмөт мүчөлөрү эконмикалык абал боюнча отчет бергенден кийин 26 министрди кызматтан алды.
Кызматтан кеткендердин ичинде социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр менен Министрлер кабинетинин төрагасынын экономика маселелери боюнча орун басары да бар.
Бул Сердар Бердымухамедов президент болуп шайлагандан берки эң ири кадрдык өзгөрүү болуп эсептелет.
Президент мындан тышкары Түркмөнстандын Австрия, Жапония, Бельгия, Франция, Түркия, Азербайжан, Украина жана Түштүк Кореядагы элчилерин да кызматтан бошотту.
Сердар Бердымухамедов 19-мартта инаугурациядан кийин Министрлер кабинети менен Коопсуздук кеңешинин курамын өзгөрткөн.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар