Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Түркмөн президенти 26 министрин жана элчилерин кызматтан алды
12.07.2022 | 14:05
Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухаммедов өкмөт мүчөлөрү эконмикалык абал боюнча отчет бергенден кийин 26 министрди кызматтан алды.
Кызматтан кеткендердин ичинде социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр менен Министрлер кабинетинин төрагасынын экономика маселелери боюнча орун басары да бар.
Бул Сердар Бердымухамедов президент болуп шайлагандан берки эң ири кадрдык өзгөрүү болуп эсептелет.
Президент мындан тышкары Түркмөнстандын Австрия, Жапония, Бельгия, Франция, Түркия, Азербайжан, Украина жана Түштүк Кореядагы элчилерин да кызматтан бошотту.
Сердар Бердымухамедов 19-мартта инаугурациядан кийин Министрлер кабинети менен Коопсуздук кеңешинин курамын өзгөрткөн.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар