Кыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурлар
Бишкекте мыйзам бузган 3 акча алмаштыруучу жай ишин токтотту
13.07.2022 | 14:02
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн үч акча алмаштыруучу жайлардын лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Лицензия 2022-жылдын 9-июлунан 15-июлуна чейинки мөөнөткө токтотулду. Үч алмашуу бюросу тең Бишкекте жайгашкан – экөө Москва көчөсүндө, дагы бирөө Шлагбаум аймагында, Дэн Сяопин проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика