Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Эми самокат айдап жол эрежесин бузгандарга дагы айып салынат
14.07.2022 | 12:25
Бүгүн, 14-июлда ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчиси Алмазбек Исаков жол кыймылынын эрежелерине электр самокаттарын айдоодогу эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликке байланыштуу толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаганын билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкек шаарында электр самокаттарды ижарага берүү пункттары ачылып, туура эмес жерлерде – жол боюнда, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн жанында, бул жол эрежесин бузуу болуп саналат.
Мындан тышкары Исаков электр мотороллерлердин жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүү киргизүү сунушу киргизилгендигин, ошондуктан аларды айдап жүргөндө жол эрежесин бузгандар да жол эрежесине ылайык жоопкерчиликке тартыларын, азыр транспорттун бул түрү боюнча бир да сөз жок экенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом