Чет өлкөлүктөр кайырчылык кылганы үчүн өлкөдөн чыгарылат — КР президентинин жарлыгыОшто жеке нотариус документтерди жасалмалоого шектелип кармалдыКыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын билүү боюнча тест өткөрүлөтКыргызстан менен Россиянын башчылары эмнени макулдашты — кенен маалымат24-апрелге карата аба ырайыСадыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушат
Мурдагы UFC чемпиону Миша Тейт Валентина Шевченко менен беттешүүнү каалайт
15.07.2022 | 11:43
Жеңил салмактагы UFC уюмунун мурдагы чемпиону америкалык Миша Тейт жеңил салмактагы чемпион кыргызстандык Валентина Шевченко менен беттешүүнү каалайт.
Америкалык мушкер 2021-жылдын жайында Марион Реноду жеңип, ММАга кайтып келген, бирок ноябрда бразилиялык Кэтлин Виейрага утулуп калган. Андан кийин, Тейт жеңил салмак категориясына өтүүнү чечкен.
«Мен азыркы №1 мушкер Валентина Шевченко менен күрөшүүгө басым жасадым. Жакында биз аны Лас-Вегаста машыгуу учурунда жолуктурдук. Ал “азыр жакшынакай болгонум жакшы, балким келечекте баары башкача болот” деген таризде бир нерселерди айтты. Муну укканым жакшы болду, анткени ал мени келечектеги атаандашы катары көрөт», – деди Тейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт