Кочкордун тургуну аялын бычактап, андан соң асынып алды

18.07.2022 | 11:32

Кочкор районунда жергиликтүү тургун аялын бычактап, андан кийин өзү асынып алды. Бул тууралуу маалыматты ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйында аялдарга карата зордук-зомбулук маселеси боюнча суроого жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, окуя кечээ түнү болгон.

“Мага эртең менен телефон чалып айтышты. Кочкордун тургуну түнкүсүн аялын бычактап, андан кийин өзү асынып алыптыр”, – деди ал.

Ошондой эле, министр республиканын аймактарында 2 миң 435 участкалык милиционер аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш алып барып жатканын айтып, “милиционер күнү-түнү алардын жанында боло албайт экен. Анткени алар кылмыштуулук, мал уурулук, ошондой эле сел, көчкү жүргөн жерде жол жаап, жол кыймылын көзөмөлдөө сыяктуу дагы иш алып барышат”, – деди.

Scroll to Top