Чүйдө фермадагы 223 бука жана 30 миң түк чөп күйүп кетти — сүрөт

Чүйдө фермадагы 223 бука жана 30 миң түк чөп күйүп кетти — сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ, 17-июлда Аламүдүн районунун Пригородное айылында фермадан өрт чыккан. Өрт чалган ферманын жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метр.

«Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Урматбек Шамырканов жетектеген ыкчам топ, Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 бөлүм, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2 бөлүм, Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 1 бөлүм, Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, өрт өчүрүү Штабы, ККББдан КБП унаасы менен ыкчам топ тартылган», — деп жазылат ӨКМдин маалыматында.

Мындан сырткары ИИМ аймактык тескөөчүсү, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, «Газ чарба» кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.

Алардын жардамында өрт түнкү саат 2:03тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк күйгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>