Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталууда
Сентябрга чейин транспорт жана кыймылсыз мүлккө салыкты төлөө керек
18.07.2022 | 11:42
Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертти.
Ушул жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкүлөрдү төлөө керек:
– транспорт каражатына салык,
– турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.
Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.
Белгилей кетсек, ушул жылдан баштап мүлккө, турак жайга жана транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана салык органдарына тапшыруу зарыл.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика