Бишкекте көп аял алууну декриминалдаштыруунун демилгечилери милицияга чакыртылды28-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтБекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодоЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керек
Сентябрга чейин транспорт жана кыймылсыз мүлккө салыкты төлөө керек
18.07.2022 | 11:42
Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертти.
Ушул жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкүлөрдү төлөө керек:
– транспорт каражатына салык,
– турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.
Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.
Белгилей кетсек, ушул жылдан баштап мүлккө, турак жайга жана транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана салык органдарына тапшыруу зарыл.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика