13 жаштагы кыздын зордукталышы: Кимге кандай жаза берилди?

13 жаштагы кыздын зордукталышы: Кимге кандай жаза берилди?

Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 18-июлдагы маалымат жыйында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан милиция кызматкерлерине байланыштуу комментарий берди.

Анын айтымында, ыплас аракеттерди жасаган кызматкерлер ошондой жазага тартылат.

“Бул иш боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн эки орун басарына сөгүш берилди. Ал эми эки кызматкердин иши сотко өткөн. Сот чечим чыгарат. Соттун чечиминен кийин дагы алар үчүн өзүнчө сурак болот”, — деди министр.

13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. Бул кылмышка шектелип, эки милиция кызматкери (Ленин РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын жана борбордун Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери), дагы бир шериги, «Дордойдун» күзөтчүсү кармалган. Биринчи Май райондук соту зордуктоого шектелген төртүнчү официанттын ишин карап жатат. Төрт соттолуучу тең бири-бирин таанышат. Бул иш боюнча акыркы соттук отурум 12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда уланган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Зордуктоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>