Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Кыргызстанда айрым соцобъектилер 20 жылдан бери бүтпөй келет
19.07.2022 | 13:45
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин карамагында турган 117 объект узак мөөнөттө курулууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Мирлан Майтпасов укук коргоо, фискалдык жана башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмесинде билдирди.
Анын айтымында, бул тизмеде 83 мектеп, 12 бала бакча, 7 саламаттыкты сактоо, 11 маданият жана спорт объектилери жана 4 башка объект бар.
Белгиленгендей, бул объектилердин айрымдарында курулуш иштери 2000-жылы башталган.
Бүгүнкү күндө мекеменин карамагындагы 492 социалдык объектинин курулушу жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом