Бишкекте эки жер үстүндөгү жөө өтмөктүн техникалык ачылышы болдуЫсык-Көлдөгү селден бир адам каза болуп, экинчиси изделүүдөКыргызстан менен Палестинанын футбол курамалары Бишкекте эки беттеш өткөрөтБишкекте Ауэзов жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн айрым тилкелери оңдоого жабылды6-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтЫсык-Көлдө сел жүрдү: «Аврора Плюс» жанында унаалар бөгөттөлүп калды
Кыргызстанда айрым соцобъектилер 20 жылдан бери бүтпөй келет
19.07.2022 | 13:45
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин карамагында турган 117 объект узак мөөнөттө курулууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Мирлан Майтпасов укук коргоо, фискалдык жана башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмесинде билдирди.
Анын айтымында, бул тизмеде 83 мектеп, 12 бала бакча, 7 саламаттыкты сактоо, 11 маданият жана спорт объектилери жана 4 башка объект бар.
Белгиленгендей, бул объектилердин айрымдарында курулуш иштери 2000-жылы башталган.
Бүгүнкү күндө мекеменин карамагындагы 492 социалдык объектинин курулушу жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом