Эл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылдыСадыр Жапаров Жогорку Кеңеште: жиктелүү коркунучу, УКМКдан келген «кураторлор» жана ипотека
Бишкекте кабаттуу үйдүн чатырынан 54 жаштагы адам кулап кетти
23.07.2022 | 18:09
Бүгүн, 23-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу “Учкун 2” жаңы конушунун жанында курулуп жаткан 2 кабаттуу үйүдүн чатырынан 1968-жылы туулган М.Т. аттуу эркек киши кулап түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, жаранды атайы шаймандардын жардамы менен жерге түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Андан соң туугандары тарабынан ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга караганда абалы канааттандыраарлык.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом