Кыргызстанда 2,3 млн тонна дан жыйналды – былтыркыдан 27,8% көпКайра текшерүүсүз: КРда майыптыкты тариздөөнү өзгөртүү сунушталуудаГапар Айтиев атындагы музейде Роза Жангарачеванын жеке көргөзмөсү ачылатЭлектро чокусу Амир чокусу деп өзгөртүлөбү? Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жообуБаалар бир жылда 11,1% өстү, экономика 10,5%га өстү: 10 айдын жыйынтыгыКыргызстан менен Пакистан соода жүгүртүүнү 200 млн долларга жеткирүүнү пландоодо
Бишкекте кабаттуу үйдүн чатырынан 54 жаштагы адам кулап кетти
23.07.2022 | 18:09
Бүгүн, 23-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу “Учкун 2” жаңы конушунун жанында курулуп жаткан 2 кабаттуу үйүдүн чатырынан 1968-жылы туулган М.Т. аттуу эркек киши кулап түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, жаранды атайы шаймандардын жардамы менен жерге түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Андан соң туугандары тарабынан ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга караганда абалы канааттандыраарлык.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом