Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Кыргызстанда 329 айыл өкмөт дотацияда турат
26.07.2022 | 11:23
Кыргызстанда 72,8%ы же 329 айыл өкмөтү дотацияда турат. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлдагы мааламат жыйында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иши боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы 452 айыл өкмөтү болсо, анын ичинен 123ү гана өзүн өзү камсыз кыла алат.
Бирок жылдан жылга дотациядан чыккан айыл өкмөттөрдүн саны көбөйүүдө. Маселен, акыркы бир жыл ичинде эле 48 айыл өкмөтү дотациядан чыккан.
Облустар боюнча алганда Чүйдө айыл өкмөттөрдүн 43,8%ы, Ысык-Көлдө – 60,6%, Таласта – 70,2%, Ош облусунда – 87,5%, Жалал-Абадда – 82%, Нарында 90,4% жана Баткенде – 100%ы дотацияда турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом