Бишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталатКыргызстандын жеке энергетикалык компаниялары Энергетика министрлигинин үстүнөн президентке арыз менен кайрылыштыРоссиянын коргоо министри Белоусов расмий сапар менен Бишкекке келди27-апрелге карата аба ырайыБишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти
“Тазалыктын” жумушчуларынын маянасы көтөрүлөт
10.08.2022 | 15:19
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын тиричилик таштандыларын чыгаруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулатылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн айда эмгек акы 2000 сомго көтөрүлгөн.
“Бул каражат 15-августтан тарта 127 жүктөгүчкө чегерилет. Мындан тышкары, август айында да алардын айлык акысын көтөрүү пландалууда”, – деп айтылат маалыматта.
Ал эми бүгүнкү күндө тогуз унаа оңдолуп, борбордо 48 атайын техника иштеп жатканын кошумчалашты. Мындан тышкары таштандыларды чыгаруу үчүн кошумча жерлер аныкталган. Буга байланыштуу кошумча 60 контейнер сатып алуу пландалууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом