Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептериКыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалымат
Оштогу эки маданий мекемеге жаңы директор дайындалды. Алар кимдер?
10.08.2022 | 15:52
Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын директору болуп Калыкулов Керимбек Акматалиевич дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эмгек жамаатка Керимбек Калыкуловду министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.
Ошондой эле, аталган министрликтин буйругуна ылайык, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп Каримов Нурлан Тентимишевич дайындалды.

Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды. Буйурукка ылайык, Нурлан Каримов кызматтык милдетине бүгүн 10- августтан тартып аткара баштайт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом