Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылдыБишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталатКыргызстандын жеке энергетикалык компаниялары Энергетика министрлигинин үстүнөн президентке арыз менен кайрылыштыРоссиянын коргоо министри Белоусов расмий сапар менен Бишкекке келди27-апрелге карата аба ырайы
Кыргызстанда эттин баасы жыл ичинде канчага кымбаттады?
18.08.2022 | 15:05
Кыргызстанда эттин баасы кымбаттоодо. Мындай тыянактарды Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып чыгарууга болот.
Алсак, өткөн жылдын август айынан бери уй этинин баасы 8%га кымбаттап, 1 килограммы 479 сомдон 521 сомго чейин көтөрүлдү.
Кой этинин баасы 8,9%га кымбаттады. 2021-жылдын август айында анын бир килограммы 492 сом болсо, бүгүнкү күндө 536 сомго бааланууда.
Жылкы эти да кымбаттады. Килограммы 400 сомдон 464 сомго чейин же дароо 16 пайызга жогорулады.
Ошол эле учурда жыл ичинде эттин эң төмөнкү баасы ушул жылдын февраль айында катталган. Анда уй эти 473 сом, кой 466 сом болчу. Ал эми жылкынын эти өткөн жылдын август айында гана 400 сом болгон.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика