Баш сөз: Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон төлөп берүүнү тапшырдыReporter.kg жана КР Гимнастика федерациясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюштуМинистрлер Кабинети бизнести видеокамераларын салык кызматы үчүн ачууга милдеттендирүүнү сунуштоодоОшто эки күнгө созулган «Окурман Ош» китеп фестивалы өтөтКыргызстан менен БУУ АПП климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жаңы кадамдарды белгилештиБишкекте №244 кичи автобустун кыймыл схемасы өзгөртүлдү
Кыргызстанда бир жумада 16 миңдей жол эрежесин бузуу катталды
29.08.2022 | 10:56
Бир жумада Кыргызстанда рейд учурунда 15 миң 962 жол эреже бузуусу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Аталган башкармалык жол эреже бузууларын жана жол кырсыктарын алдын алуу үчүн өлкө боюнча рейд жүргүзүлүп жатканын белгиейт.
Рейд учурунда катталган эреже бузуулар:
– ылдамдыкты ашырып айдагандар – 3 миң 500;
– документтери жок унаа башкаргандар – 157;
– унааны эксплуатация эрежелерин бузгандар – 5 миң 253;
– жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр – 790
– жол чийини, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар – 5 мин 52;
– айып аянтчасына токтотулгандар – 995 ж.б.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом