«Ата-Бейиттеги» кырсык: Курсанттардын абалы айтылды

«Ата-Бейиттеги» кырсык: Курсанттардын абалы айтылды

Коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, министрдин орун басарлары, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун башчысы кырсыктан жабыркаган курсанттардан кабар алышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле алар курсанттардын жакындары менен жолугушту.

«Коргоо министрлиги керектүү дары-дармектер менен камсыз кылууда, медициналык кароодон өткөрүүдө жана операцияларда керектүү жардамдарды көрсөтөт. Жабыркагандар тез сакайып кетиши үчүн кошумча тамактануу менен камсыздалат.

Ооруканага жаткырылган курсанттар аскердик медицина кызматкерлеринин такай көзөмөлүндө. Учурда жабыркагандардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 27-августта “Ата-Бейит” аймагында Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин жол кырсыгына кабылган. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 9 адам ар кандай жаракаттар менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине жаткырылган. Калгандары аскер госпиталында аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө.

Жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>