Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Москвада кыргызстандык таксист өлтүрө сүзгөн адам мекендеши болгон – видео
05.09.2022 | 13:28
Москвада такси айдап иштеген кыргызстандык жаран бир адамды сүзүп кетип, ал ошол жерде каза болгон. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Москва шаарынын прокуратурасынын маалыматы боюнча, окуя өткөн аптада Профсоюзная көчөсүндө катталган. Такси айдап бара жаткан адам жол чырактын кызыл белгисине токтобой, жолдон өтүп бара жаткан курьерди сүзүп кеткен. Ал жаран кырсык болгон жерде каза болгон.
Маалым болгондой, каза тапкан 34 жаштагы адам мурда Кыргызстандын жараны болгон. Кийинчерээк Россиянын жарандыгына өткөн.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда